КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ОКУУ БОРБОРУ ЖАЛАЛ-АБАД ЖАНА ОШ ШААРЛАРЫНДА «ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТЕРДИ ТҮЗҮҮ ЖАНА АТКАРУУ» ТЕМАСЫНДАГЫ ОКУУ КУРСУН ӨТКӨРДҮ

2022-жылдын 16-майынан 20-майына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору «Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу» темасындагы 2 күндүк окуу курсун өлкөбүздүн 3 областынан (Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынан) келген угуучулар үчүн Жалал-Абад жана Ош шаарларында өткөрдү.  

Бул окуу курсу жергиликтүү кеңештин өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын,  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык башкармалыктарынын кызматкерлеринин, райондук мамлекеттик администрацияларынын өкүлдөрүнүн  кесиптик билимдерин жогорулатууга багытталган.

          Окуу курсунун катышуучулары жергиликтүү бюджеттерди аткаруу тууралуу отчетторду түзүү, жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин түзүү, жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын пландоо жана түзүү тартиби,  чыгымдарды оптималдаштыруу, бюджеттин долбоорун түзүүдөгү артыкчылыктуу багыттар, иш кагаздарын жүргүзүү жана  ченемдик укуктук актыларды даярдоо боюнча иш жүзүндө абдан керектүү презентацияларды көрүштү. Ошондой эле жөндөмдөргө жана көндүмдөргө ээ болушту.

          «Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу» темасындагы окуу курсунун артыкчылыктуу багыттарына кошумча  Иш кагаздарын жүргүзүү жана  ченемдик укуктук актыларды даярдоо боюнча акыркы кирген өзгөртүүлөр камтылган керектүү маалыматтар берилди. Окуу курсу суроолор жана жооптор аркылуу кызыктуу өттү.

          Аталган окуу курсунун окутуучулары Кыргыз Республикасынын Финансы минстрлигинин Бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгынын башчысы Нурунбетов Сыймыкбек Балтахунович, Иш кагаздарын жүргүзүү жана аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Исраилова Аида Озгоновна, Бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгынын жетектөөчү адиси Каныбекова Айнек Каныбековна болушту.

            Окуу курсу бүткөндөн кийин, кызматкерлерге Сертификаттар берилди жана жыйынтыктоочу бөлүк каалоо-тилектер, алкыш сөздөр, ыраазычылык билдирүүлөр менен аяктады.