Жалал - Абад облустук прокуратурасынын кызматкерлери мамлекеттик сатып алуулар боюнча окуудан өтүштү.

2023-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору (мындан ары – Окуу борбору) тарабынан Жалал-Абад облустук прокуратурасынын шаардык жана райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн бир күндүк көчмө семинар өткөрүлдү. Окутууну Жалал-Абад облустук прокуратурасынын имаратында Окуу борборунун окутуучусу Хабибуллина А.С. жана  кызматкери Н.К. Мейманов өткөрүштү.

Семинар гибриддик форматта (оффлайн/онлайн) өттү. Тренингде  «Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги №27 Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамындагы өзгөртүүлөрү» талкууланды.  Окуу курсунун аягында Жалал-Абад облустук прокуратурасынын кызматкерлери КР ФМ Окуу борборунун командасына ыраазычылык билдирдирип, каалоо-тилектерин айтышты.  Пайдалуу  жана натыйжалуу болгон окуу курсу жакшы маанай менен  аяктады.