КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ҮЧҮН АНГЛИС ТИЛИ, КЫРГЫЗ ТИЛИ, ТҮРК ТИЛИ ОКУУ КУРСТАРЫ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

КР Финансы министрлигинин кызматкерлеринин билимдерин өркүндөтүү максатында, мамлекеттик тилде жана чет тилдеринде ишкердик сүйлөшүүлөрдү, жолугушууларды, диалогдорду талапка ылайыктуу жүргүзүү жана документтерди сабаттуу түзүү боюнча керектүү билимдерди жана жөндөмдөрдү үйрөтүү үчүн, КР Финансы министрлигинин Окуу борбору 2023-жылдын 13-февралынан баштап 72 академиялык саат көлөмү менен 3.5 айга созулуучу окуу курстарын  өткөрүүдө.

Англис тили, кыргыз тили окуу курстарын Кыргыз–Түрк “Манас” университетинин дасыккан окутуучулары жүргүзүүдө. Ал эми түрк тилин Түрк Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигине караштуу «ТӨМЕР» үйрөтүү борборунун тажрыйбалуу окутуучусу өткөрүп жатат.  

Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 2-апрелиндеги №54 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесинин: “Тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктала турган мамлекеттик кызматчылар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик тилди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттүү” талабына ылайык, Окуу борбору КР Финансы министрлигинин кызматкерлеринин “Кыргызтестти” тапшыруу боюнча компетенттүүлүгүн, ошондой эле эне тили кыргыз тили болбогон кызматкерлердин тил билүү деңгээлдерин жогорулатуу максаты менен,  “Мамлекеттик кызматкерлер үчүн кыргыз тили” окуу курсун жыл сайын уюштурат.

Тилдерди акысыз түрдө (бекер) окутууда көрсөткөн кесипкөйлүгү үчүн, КР Финансы министрлигинин Окуу борбору Кыргыз–Түрк “Манас” университетинин окутуучулары: С.М.Назаркуловага, М.Э.Ибраевага, Б.Ж.Жунусалиевге, Р.Алишовага, А.Ахматовага, ошондой эле Түрк Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигине караштуу «ТӨМЕР» үйрөтүү борборунун окутуучусу Ибрагим Халил Караханга терең ыраазычылык билдиребиз.