2023-жылдын 15-майынан 19-майына чейин КР Финансы министрлигинин Окуу борбору КР Финансы министрлигинин Бухгалтердик эсепти, ички аудитти жана ички контролду өнүктүрүү башкармалыгы менен

2023-жылдын 15-майынан 19-майына чейин КР Финансы министрлигинин Окуу борбору КР Финансы министрлигинин Бухгалтердик эсепти, ички аудитти жана ички контролду өнүктүрүү башкармалыгы менен биргеликте “Практикада КС ФОЭСти жана мамлекеттик башкаруу секторундагы уюмдардын финансылык отчеттуулук стандарттарын жүргүзүү” темасындагы Тренерлер үчүн тренинг (ТоТ) уюштурулуп өткөрүлдү.

Тренинг Мамлекеттик башкаруу секторундагы уюмдардын финансылык отчеттуулугунун стандарттарын ( мындан ары - МБС ФОС) киргизүү үчүн, бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук боюнча чоң практикалык тажрыйбасы бар бухгалтер-тренерлерди даярдоого жана алардын квалификациясын жогорулатууга багытталган. Бул семинарга министрликтердин менен ведомстволордун финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн башчылары катышты. Катышуучулардын жалпы саны 43 кишини түздү