Окуу борбору «Инфраструктураны өнүктүрүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, жеке инвестицияларды тартуунун куралы катары» темасы менен 2-семинар-тренинг өткөрдү

2019-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору «Инфраструктураны өнүктүрүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, жеке инвестицияларды тартуунун куралы катары» темасы менен 2-семинар-тренинг өткөрдү, (1-семинар 2019-жылдын 26-мартында болуп өткөн), ага эки сабактын жыйынтыгы менен 52 угуучу катышты. 

Семинар-тренинг 2018-жылдын 24-сентябрындагы №16-93 “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары МЖӨ) боюнча Кеңештин отурумунун жыйынтыгы жөнүндө” Протоколунун жыйынтыгы менен КР Премьер-министри М.Д. Абылгазиевдин тапшырмасын аткаруу максатын көздөйт. 
Бул семинардын максаты Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, ошондой эле МЖӨ долбоорлорун издөө, демилгелөө, даярдоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча КР жарандык секторлорунун жана бизнес өкүлдөрүнүн билим деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. 
Семинар-тренингдин өткөрүүдө кабарлоо, топ менен иштөө, презентация, кейс-стадини талкуулоо, долбоорлоо, экспертизалоо, суроолор-жооптор сыяктуу ар кандай көптөгөн усулдук ыкмалар колдонулду.

Сабакты практик-окутуучулар өтүштү, тактап айтканда: 
Каликова Гульнара Аманжоловна - МЖӨ боюнча эксперт, «Kalikova & Associates» юридикалык фирманын кеңешчиси, КР Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алдыга жылдыруучусу, МЖӨ боюнча мыйзамдын иштеп чыгууга катышуучу; 
Аширова Гавхар Сабирджановна - МЖӨ боюнча эксперт, Бишкек шаардык мериясына караштуу МЖӨ өнүктүрүү агенствосунун жана инвестициялар бөлүмүнүн экс-жетекчиси; 
Момбеков Санжар Таалайбекович - Кыргыз Республикасынын инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча Агенствонун Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү алдыга жылдыруу бөлүмүнүн эксперти.