КР ФМ ОКУУ БОРБОРУ ТАРАБЫНАН ФИНАНСЫ-ЭКОНОМИКАЛЫК БӨЛҮМДӨРҮНҮН БАШЧЫЛАРЫ ЖАНА БУХГАЛТЕРЛЕРИ ҮЧҮН "БЮДЖЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ҮЧҮН 1С: БУХГАЛТЕРИЯ" ОКУУ КУРСУ ӨТКӨРҮЛДҮ.

2023-жылдын 15-майынан 19-майына чейин Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан бюджеттик уюмдардын жана мекемелердин финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн башчылары жана бухгалтерлери үчүн "Бюджеттик мекемелер үчүн 1С: Бухгалтерия" окуу курсу уюштурулуп өткөрүлдү. Бул окуу курсуна бардыгы болуп 12 адам катышты.

Окуу курсунун негизги максаты бюджеттик уюмдардагы "1С: Бухгалтерия" программасы менен бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана отчеттуулукту түзүү технологиясынын негизги принциптерин тааныштыруу болуп саналат.

Окуу курсунун аягында угуучулар абдан зарыл болгон окуу курсун өткөргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун окутуучусу Абдышева Рахат Турдукуловнага чон ыраазычылык билдиришти.