Караколго инвестиция жаса!

2023-жылдын 14-апрелинде Каракол шаарында КР ФМ Окуу борборунун базасында Кыргыз Республикасынын аймактарын өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу боюнча "Дем берүүчү гранттар" темасындагы кезектеги окуу курсу болуп өттү. КР Финансы министрлигинин Дем берүүчү гранттар бөлүмүнүн башчысы, жогорку квалификациялуу адис Касымов Болотбек Замирбекович өлкөнүн түндүк аймактарындагы  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана КР ФМ финансы башкармалыктарынын кызматкерлери үчүн жыйынтыктоочу окуу курсун өткөрдү.

Окуу курсу бүткөндөн кийин  угуучуларга КР ФМ Окуу борборунун сертификаттары тапшырылды.