Балыкчы шаарында 16 угуучу Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам боюнча билимдерин жогорулатышты

2023-жылдын 10–апрелинен 14-апрелине чейин Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери үчүн "Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу" темасындагы базалык курсу уюштурулуп өткөрүлдү. Окутууга 24 адам катышып, алардын 16и (66,6%) тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүштү жана электрондук сертификатка ээ болушту.

Окуу курсунун лектору КР ФМ Окуу борборунун окутуучусу Уланбек уулу Дастан болду. Ал окуу курсунун угуучуларын мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы негизги теориялык билимдер жана практикалык жөндөмдөр менен кеңири тааныштырды, мамлекеттик сатып алуулар ыкмаларына жана жүргүзүү процессине басым жасады.

Бул окуу курсунун угуучулары аймактардагы мамлекеттик сатып алуулар жөңүндө кеңири жана мазмундуу маалымат бергендиги үчүн, Окуу борборунун окутуучусуна чоң ыраазычылык билдиришти.

Өз кезегинде КР ФМ Окуу борборунун эмгек жамааты бул окуу курсун уюштурууга жардам көрсөткөндүгү үчүн,  Балыкчы финансы башкармалыгынын начальниги Кожомбердиев Каныбек Шамшидиновичке жана казыналыктын башчысы Эгембердиева Динарага ыраазычылык билдирет.