КР Улуттук илимдер академиясынын окумуштуу катчылары "Программалык бюджеттөө" окуу курсу боюнча сертификаттарды алышты

2023-жылдын 12-апрелинен 14-апрелине чейин КР ФМ Окуу борборунун базасында "Программалык бюджеттөө" темасында үч күндүк окуу курсу (24 ак.саат) болуп өттү.

Бул окуу курстунун лектору программалык бюджеттөө жана мамлекеттик финансыларды башкаруу боюнча эксперт – консультант  Н.А. Байзакова болду. Окуу курсунун жүрүшүндө КР УИА окумуштуу катчылары бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы күтүлүүчү жана акыркы натыйжалардын мамлекеттик саясаттагы жана коомдогу маанисин эске алуу менен, стратегиялык максаттарга ылайык иштелип чыгуучу программаларды ишке ашыруу үчүн, программалык бюджеттөө боюнча керектүү билимдерди жана көндүмдөрдү алышты.

Ошентип, калктын бакубат жашоосун дагы жакшыртуу жана ийгиликтүү, өнүккөн мамлекетти куруу үчүн, 2018-2040-жылдарга карата Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга КР УИА  кызматкерлери өз салымдарын кошушту.

Сиздерди КР ФМ Окуу борборунун курстарына чакырабыз. Кошумча маалымат үчүн сайттар: www.ucmfk.okmot.kg, www.minfin.kg