Ысык-Көл районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарынын 19 өкүлү "Дем берүүчү гранттар" темасындагы окуу курсу боюнча сертификаттарга ээ болушту

Ысык-Көл районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарынын 19 өкүлү "Дем берүүчү гранттар" темасындагы окуу курсу боюнча сертификаттарга ээ болушту

2023-жылдын 13-апрелинде Чолпон-Ата шаарында КР ФМ Окуу борборунун базасында "Дем берүүчү гранттар" курсу өткөрүлдү.

Окутууну Финансы министрлигинин Дем берүүчү гранттар бөлүмүнүн башчысы Касымов Болотбек Замирбекович өткөрдү. Окуу курсунун жүрүшүндө угуучулар дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын инфраструктурасын жакшыртууга өтүнмөлөрдү даярдоо, анын ичинде арыз берүүнүн автоматташтырылган жол-жоболору боюнча билимдерге ээ болушту.

Окуу курсу аяктагандан кийин, угуучуларга КР ФМ Окуу борборунун Дем берүүчү гранттар тармагындагы квалификацияны жогорулаткандыгын тастыктаган сертификаттар тапшырылды.