КР Финансы министрлигинин Дем берүүчү гранттар бөлүмүнүн башчысы Нарын шаарында "Дем берүүчү гранттар" курсун өткөрдү

2023-жылдын 11-апрелинде КР ФМ Окуу борборунун базасында "Дем берүүчү гранттар" курсу уюштурулду.

Пландалгандардын тизменин биринчиси Нарын шаары болуп, ал  жерде окууга Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 44төн ашык өкүлү катталды.

Окуу курсун өткөрүү үчүн Бишкек шаарынан Окуу борборунун мыкты окутуучуларынын бири, дем берүүчү гранттар чөйрөсүндө чоң практикалык жана теориялык тажрыйбасы бар, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Дем берүүчү гранттар бөлүмүнүн башчысы Касымов Болотбек Замирбекович жиберилген. Окуу курсу мамлекеттик тилде жүргүзүлүп жатат.

Нарын облусуна биринчи жолу келген Окуу борборунун кызматкери булар тууралуу ой бөлүштү: "Нарынга барууну пландасаңыз, анда ажайып аймакка барасыз, айлананын кооздугуна, ашуулардын жана капчыгайлардын көз жоосун алган пейзаждарына суктанбай коё албайсыз".