Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда жабдуучулар үчүн адистештирилген курс өткөрүлүүдө

Мамлекеттик сатып алуулар системасынын катышуучуларынын квалификациясын жогорулатуу максатында, 2023-жылдын 10-апрелинен 12-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда кичи жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн “Электрондук мамлекеттик сатып алууларга сунуштарды берүү жана катышуунун эрежелери” темасында адистештирилген окуу курсу оффлайн режимде өткөрүлүп жатат.

Бул окуу курста төмөнкү темалар боюнча түшүндүрмөлөр берилүүдө:

  • Мамлекеттик сатып алуулар системасындагы мыйзамдар: «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 Мыйзамы жана Электрондук мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн тартиби;
  • Сатып алууларга катышууга сунуштарды даярдоо: товарлар, кызмат көрсөтүүлөр, жумуштар боюнча;
  • Мамлекеттик сатып алуулардын электрондук порталында иштөө (мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында берүүчүлөрдү каттоо механизмдери; конкурсту издөө; конкурс жөнүндө маалымат; сатып алуу жөнүндө документтерди кароо; сатып алуу жөнүндө документтер боюнча суроолор жана түшүндүрмөлөр);
  • Сунуштарды даярдоо процесси;
  • Сатып алуулар жол-жоболорунун катышуучуларына талаптар (жабдуучулардын квалификациясы; контракттын жалпы жана негизги шарттары; сунуштарды берүү; КАКК; сатып алуу келишиминин долбоору).

Тренингди сатып алуулар боюнча эксперт, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун тренери Базакеева Жылдыз Жаманчаевна алып барып жатат. Окуу курсуна 12 кичи жана орто бизнестин өкүлдөрү катышууда.