ФМ Окуу борборунун директору Бириккен Вена институтунда (Австрия) окутуу маселелери боюнча директорлордун жолугушуусуна катышып келди

2023-жылдын 27-28-мартында, Австриянын Вена шаарында, Финансы министрликтерин жана Улуттук банктарды окутуу маселелери боюнча директорлордун жолугушуусу болуп, Бириккен Вена институтунун (мындан ары - БВИ) иши жана эл аралык кызматташтык кандайча мамлекеттик кызматкерлердин потенциалын жана мотивациясын жогорулатууга жардам бере алары тууралуу пикирлерин бөлүшүү максатында өткөрүлдү.          

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун директору Э.Д. Турдумамбетова "Кайрадан жооп алуучу байланыш - андан ары өнүгүүнүн натыйжалуу каражаты катары" темасында баяндама жасап, эки уюмдун ортосундагы жемиштүү кызматташтык жана КР Финансы министрлигинин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жөнүндө айтып берди.

Кыскача маалымат: Бириккен Вена институту (БВИ) биринчи кезекте Борбордук, Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик кызматкерлери үчүн аймактык окуу борбору болуп саналат. БВИ иштеп турган мезгил ичинде, анда 40 000 ден ашуун угуучу окутулган.