26- июнунан 28-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору Ош областынын Өзгөн районундага

2019-жылдын 26- июнунан 28-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору Ош областынын Өзгөн районундага айыл өкмөттөрүндөгү бюджеттик мекемелердин бухгалтерлери жана финансисттери үчүн«1С: Бухгалтерия 8.3.» темасындагы окуу курсу болуп өттү. 
Курстун угуучулары  маалымат базасынын программаларынын негизги түшүнүктөрүн  жана алгачкы толтурулушун, уюм тууралуу негизги маалыматтарды, каржылоо булактарынын справочнигин, киреше жана чыгаша сметаларын аткаруу эсебин, касса операцияларынын эсебин, кассалык китепти, номенклатуралык каттоо эсебин ж.б. үйрөнүштү. 
Семинардын аякташы менен угуучуларга белгиленген үлгүдөгү сертификаттар тапшырылды.