“Газпромбанк” АК өкүлдөрү КР ФМ Окуу борборунда “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү байланыштарды банктык коштоону ишке ашыруу” темасы менен тренинг өткөрүштү

“Газпромбанк” АК өкүлдөрү  менен КР Финансы министрлиги  биргеликте “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар тармагында банктык коштоону колдонуу менен сатып алууларды уюштуруу жана контракттарды түзүү тартиби” долбоорун ишке киргизүүнүн алкагында КР Финансы министрлигинин бардык аймактык башкармалыктары, ыйгарым укуктуу банктар жана берүүчүлөр үчүн семинар өткөрдү.

Семинардын ачылышында КР Финансы министрлигинин жана “Газпромбанк” АК (РФ, Москва ш.) жетекчилигинин өкүлдөрү чыгып сүйлөп, негизги этаптарды, катышууларды, банктык коштоонун тартибин аныктоочу ченемдик укуктук актыларды жана аны колдонуу максаттарын айтышты.

Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү “Контрактты банктык коштоо” долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн бардык катышуучулар белгилеп өтүштү.  Окуу семинарынын жүрүшүндө угуучулар катышуулардын тартибин, өз ара аракеттенүү схемасын жана негизги этаптарды аныктоочу ченемдик укуктук актылар боюнча презентацияны талкуулашты.

Бул иш-чарага 130 дан ашык киши катышты.