30 суроодон 21 туура жооп болсо, анда 70% түзүп, СИЗ өткөн жоксуз!

Окуу курсунун 5-күнүнүн соңунда,  угуучулар мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистин сертификатын алуу үчүн, компьютердик тестирлөөдөн өтүшөт. Компьютердик тестирлөө Окуу борборунун компьютердик классында өткөрүлөт. Тестирлөөнүн тапшырмасы 30 суроодон турат. Тапшырмаларды аткаруу үчүн угуучуларга 60 мүнөт убакыт бөлүнөт.

Бул жолку тестирлөөдө биринчи тапшырганда 80% дан ашык упай топтоп (30 дан 24 же андан жогорку балл топтоп), 5 угуучу тесттен ийгиликтүү өттү.

70% дан 80% га чейин балл топтогон угуучуларга Окуу борборунун адиси менен биргеликте  каталар үстүндө иштөөгө мүмкүнчүлүк алышты. Алар үчүн тест тапшырганга дагы эки мүмкүнчүлүк каралган. Кайра тестирлөө окуу аяктаган күндөн тартып 3 айдын ичинде, дүйшөмбү күнү (акысыз) саат 10:00дөн 11:00гө чейин жана шейшембиде (акы төлөнүүчү) 10:00дөн 11:00гө чейин жүргүзүлөт.