Ош шаарынын сатып алуулар боюнча адиси бол

Ош шаарында "Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу" темасындагы окуу курсунан өтүп, экзаменди ийгиликтүү тапшырып, сертификат алыңыз. Бул сертификат сиздин бюджеттик жана муниципалдык уюмдардын сатып алуулар бөлүмүндө иштөө укугуңузду тастыктайт.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун Ош шаарындагы филиалында бул окуу курсу боюнча жума сайын группа топтолот. Сатып алуулардын көлөмүнө жана масштабына жараша, жетекчи бир нече кызматкерди окутууга жөнөтө алат. Ушул жумада Ош облустук Сот департаментинин алты кызматкери окуу курсунан ийгиликтүү өтүп , бүгүн тестирлөөдөн өтүш керек. Угуучулар тестирлөөнү каалаганы боюнча мамлекеттик же расмий тилде тапшыра алышат.