Жаңы максаттар жаңы билимди талап кылат! Сиздин келечегиңизге инвестиция.

КРФМ Окуу борборунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык секторлорунун жана бизнес өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу максаты менен, 2023-жылдын 30-31-мартында Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун башкаруу темасындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлорун издөө, демилгелөө, даярдоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча эки күндүк (16 ак.с.) окуу курсу болуп өттү.

МЖӨ (мамлекеттик-жеке өнөктөштүк) – эки тарапка пайдалуу болгон шарттар менен коомдук маанилүү милдеттерди чечүү үчүн, мамлекет менен бизнестин орто жана узак мөөнөттүү өз ара аракеттенүү формаларынын жыйындысы.

Бул курстун лектор-эксперти Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун долбоорлорду илгерилетүү жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы А.М. Тайиров болду.

Бүгүн окусаң, эртең лидерсиң!

Сиздерди КР ФМ Окуу борборунун курстарына чакырабыз. Кошумча маалымат үчүн сайттар: www.ucmfk.okmot.kg, www.minfin.kg