2023-жылдын 22-мартында жана 23-мартында Окуу борборунун окутуучулары жана кызматкерлери үчүн

Дүйнөлүк банктын колдоосу менен баалоонун жаңы баллдык системасы боюнча билим берүү модулу иштелип чыкты, ал өлкөбүздөгү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлерин окутууда КР Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан колдонулат.

Окуу борборунун окутуучулары менен модулдун долбоорун талкуулоо жана алардан сын-пикирлерди алуу м аксатында, Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен,  2023-жылдын 22-мартында жана 23-мартында Окуу борборунун окутуучулары жана кызматкерлери үчүн “Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларын жүргүзүүдө баалоонун баллдык системасы” темасындагы Тренинг өткөрүлдү.

Бул окуу модулун  эксперт – консультант, Окуу борборунда айкалыштырып иштеген окутуучу Абдымомунова Сайна иштеп чыккан.

Тренерлер үчүн тренингдин программасында төмөнкү темалар каралды: товарларды сатып алуудагы баалоонун баллдык системасынын өзгөчөлүктөрү, балл топтооо системасы боюнча консультантты тандоонун эл аралык тажрыйбасы, консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун ыкмалары, консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун ыкмаларындагы өзгөчөлүктөр жана колдонуунун критерийлери, консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда документтердин мазмунуна коюлуучу талаптар ж. б.

Жаңы окуу курсунун долбоорун талкуулоо жана макулдашуу үчүн КР ФМ караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин кызматкерлери да чакырылды, алар тренерлер менен тыгыз иштешип, окуу курсунун темаларын кызуу талкуулашты. Республикабыздын аймактарынан келген мамлекеттик сатып алуулар боюнча үч окутуучу бул долбоорду талкуулоодо өздөрүнүн мыкты сунуштарын жана пикирлерин билдиришти.