СИЗ ҮЧҮН БИЗДИН КУРСТАРГА КЕЛҮҮ АЛЫС ЖАНА ЫҢГАЙСЫЗ БОЛУП ЖАТАБЫ?

Өлкөбүздүн бардык аймактарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутууну жана тестирлөөнү уюштурууга Окуу борборунун командасы дайыма даяр.

Ош шаарынан 250 чакырым алыстыкта,

5 сааттык жол,

күтүп жаткан 24 угуучу......

Семинарга катышуучулар Баткен районунун бардык аймактарынан чогулушкан эле. Мына окуу курсу да башталды, окутуу мамлекеттик тилде өтүп жатат.

Окуу курсунун окутуучулары: Абдыкаров  Т.А.; Айдаров А. А..

"Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу" курсун уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү жана компьютердик класс бергендиги үчүн, Баткен шаарындагы Баткен аймактык финансылык  башкармалыгынын начальнигине, ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Баткен аймактык башкармалыгынын директоруна  ыраазычылык билдиребиз.