2023-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан «Берүүчүлөр үчүн “Тандоо” электрондук каталогу” темасында адистештирилген курс өткөрүлдү.

Мамлекеттик сатып алуулар системасынын катышуучуларынын потенциалын өнүктүрүү максатында 2023-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн «Берүүчүлөр үчүн “Тандоо” электрондук каталогу» темасында адистештирилген курс өткөрүлдү.

            Тренингдин жүрүшүндө курстун катышуучулары мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук документтер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар веб-порталында берүүчүлөрдү каттоо механизмдери, сатып алуу документтерин кароо, суроо-талаптар жана сатып алуу документтери боюнча түшүндүрмөлөр, сунуштарды даярдоо, сатып алуу жол-жоболоруна катышуучуларга талаптар, берүүчүлөрдүн квалификациясы, келишимдин жалпы жана өзгөчө шарттары, сунуштарды берүү, сатып алуулар жөнүндө келишимдин долбоорлору жана “Тандоо” электрондук каталогу менен таанышышты.

Окуу борборунун тренери Шакитов Айбек Сагынбекович, өз презентациясында “Тандоо” электрондук каталогунун мамлекеттик сатып алуулардын жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүү, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо, сатып алуулардын ачык-айкындуулугун жогорулатуу, жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана сатып алуудагы чыгымдарды азайтуудагы маанилүүлүгүн белгиледи.

Тренингдин жүрүшүндө угуучулар кызыккан суроолоруна жооп алышты.