2023-жылдын 25-февралында КР Финансы министрлигинин кызматкерлери үчүн Финансы министрлигинин Окуу борборунда "Жаңы келген персоналдарды жумушка адаптациялоо” темасындагы курсу болуп өттү.

2023-жылдын 25-февралында КР Финансы министрлигинин кызматкерлери үчүн Финансы министрлигинин Окуу борборунда "Жаңы келген персоналдарды жумушка адаптациялоо” темасындагы курсу болуп өттү. Программа мамлекеттик кызматкердин корпоративдик маданиятын жакшыртууга багытталып түзүлгөн.

Курстун жүрүшүндө тренерлер Министрликтин ишмердүүлүгү, анын функциялары, кадр саясаты, жумуш ордундагы баарлашуу жана коммуникация ыкмалары, КР Президентинин Администрациясына жана Министрлер Кабинетине материалдарды даярдоодогу талаптар, тартиптик жаза чаралары, коррупцияны алдын алуу жана мамлекеттик кызматкерлердин этикасы тууралуу кененирээк айтып беришти, ошондой эле мамлекеттик органдардагы корпоративдик маданияттын маанилүүлүгү жана профсоюз комитетинин иши жөнүндө маалыматтар берилди.

Кызматкерлер курстун жыйынтыгы боюнча өз ара аракеттенүүнүн, жамааттык биримдиктин, жүрүм-турум эрежелеринин жана этикетти сактоонун маанилүүлүгүн баалашты.