2023-жылдын 24-февралында КР ФМ Окуу борборунда 29 угуучу үчүн “Дем берүүчү гранттар” темасындагы окуу курсу өттү.

2023-жылдын 24-февралында КР ФМ Окуу борборунда 29 угуучу үчүн “Дем берүүчү гранттар” темасындагы окуу курсу өттү.

“Дем берүүчү гранттар” темасындагы окуу курсунун максаты:

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар - аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин жана башка тартылган каражаттардын үлүштүк катышуусу менен долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (ЖӨБО) республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражаттары. Дем берүүчү гранттар (ДБГ) ЖӨБО конкурстук негизде берилет, буга областтык жана республикалык маанидеги шаарлар кирбейт. ДБГ маанилүү инструмент болуп саналат, анткени пландуу капиталдык оңдоону же башка пландарды ишке ашырууга каражаттар жетишсиз болгон учурда, ЖӨБО кошумча каржылоо үчүн  республикалык бюджетке кайрыла алат.

Окуу курсуна Ош облусунун КР ФМ Аксы райондук аймактык бөлүмүнүн  жана райондогу айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери катышты.

Курстун жүрүшүндө угуучулар төмөнкү темалар боюнча керектүү билимдерге ээ болушту:https://drive.google.com/file/d/1kpufYFF7CqiSz_tIJsd5CIexu5PCoJPB/view