2023-ЖЫЛДЫН 20-ФЕВРАЛЫНАН 21-ФЕВРАЛЫНА ЧЕЙИН КР ФМ ОКУУ БОРБОРУНУН БАЗАСЫНДА АКЫСЫЗ ТҮРДӨ "ПРОГРАММАЛЫК БЮДЖЕТТӨӨ: ТҮЗҮҮ, АТКАРУУ, МОНИТОРИНГ ЖАНА ОТЧЕТТУУЛУК" ТЕМАСЫНДАГЫ ОКУУ КУРСУ ӨТТҮ.

2023-жылдын 20-февралынан 21-февралына чейин КР ФМ Окуу борборунун базасында акысыз түрдө, "Каржылоонун комплекстүү улуттук механизмдери" аттуу ЮНИСЕФ  программасынын  колдоосу менен "Программалык бюджеттөө: түзүү, аткаруу, мониторинг жана отчеттуулук"темасындагы окуу курсу өттү

Тренингдин негизги максаты - программалык негизде бюджеттерди түзүү, аткаруу, мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук процесстерине системалуу мамилени камсыз кылуу.

Ошондой эле дагы:

- программалык бюджеттөө маселелери боюнча адистерди окутууда окутуу-билим берүү процессинин сапатын жогорулатуу;

- билим берүү процессине тартылган окутуучуларга көмөктөшүү;

- программалык негиздеги бюджеттөө (ПНБ)  жана ССБР түзүү маселелери боюнча министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу.

Окуу курсунун жүрүшүндө угуучулар төмөнкүдөй темалар боюнча керектүү болгон билимдерге ээ болушту: https://drive.google.com/drive/folders/1UHN7-dC8LSzX-nWj3QdIRKvJWnvYWtTK?usp=sharing

Окуу курсун өткөргөн окутуучулар:

Байзакова Нурида Асановна - мамлекеттик финансыны жана мамлекеттик сатып алууларды башкаруу маселелери боюнча эл аралык уюмдар ишке ашыруучу долбоорлордун эксперти, ЮНИСЕФ консультанты, КР ФМ Окуу борборунун тренери;

Бегалиев Канат Абышевич - Программалык бюджеттөө жаатындагы  эксперт,  орто мөөнөттүү саясат жана программалык бюджеттөө бөлүмүнүн башкы адиси, КР ФМ Окуу борборунун тренери