КР ФМ Окуу борборунда кичи жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн “Электрондук мамлекеттик сатып алууларга сунуштарды берүү жана катышуунун эрежелери” темасында окуу курсу өткөрүлүп жатат

2023-жылдын 20-февралынан 22февралына чейин КР ФМ Окуу борборунда кичи жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн “Электрондук мамлекеттик сатып алууларга сунуштарды берүү жана катышуунун эрежелери” темасында адистештирилген окуу курсу оффлайн режимде өткөрүлүп жатат.

Бул окуу курста төмөнкү темалар боюнча түшүндүрмөлөр берилүүдө:

  • Мамлекеттик сатып алуулар системасындагы мыйзамдар: «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 Мыйзамы жана Электрондук мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн тартиби;
  • Сатып алууларга катышууга сунуштарды даярдоо: товарлар, кызмат көрсөтүүлөр, жумуштар боюнча;
  • Мамлекеттик сатып алуулардын электрондук порталында иштөө (мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында берүүчүлөрдү каттоо механизмдери; конкурсту издөө; конкурс жөнүндө маалымат);
  • Сунуштарды берүү. Сатып алуу келишиминин долбоору.

Тренингди сатып алуулар боюнча эксперт, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун тренери Базакеева Жылдыз Жаманчаевна алып барып жатат. Окуу курсуна 13 кичи жана орто бизнестин өкүлдөрү катышууда.