2023-ЖЫЛДЫН 16-ФЕВРАЛЫНАН 17-ФЕВРАЛЫНА ЧЕЙИН КР ФМ ОКУУ БОРБОРУНДА "ОРАТОРДУК ЧЕБЕРЧИЛИКТИН ЖАНА ӨЗҮН-ӨЗҮ ПРЕЗЕНТАЦИЯЛООНУН БАЗАЛЫК ЖӨНДӨМДӨРҮ" ТЕМАСЫНДАГЫ ТРЕНИНГ ӨТҮЛДҮ.

2023-жылдын 16-февралынан 17-февралына чейин КР ФМ Окуу борборунда КР ФМ башкы жана улук административдик орундардагы кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу үчүн "Оратордук чеберчиликтин жана өзүн-өзү презентациялоонун базалык жөндөмдөрү" темасындагы тренинг өтүлдү.

Тренингдин максаты: Кызматкерлердин кесиптик ишмердүүлүгүндөгү оратордук чеберчиликтин жана өзүн-өзү презентациялоонун базалык билимдерин, билгичтиктерин жана жөндөмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле өз ара аракеттенүүсү жана натыйжалуу иштөөсү үчүн  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн бардык жетекчилерин чогултуу жана биримдигин бекемдөө.

Тренингдин спикери с.и.к. доценттин м.а., КР Билим берүүнүн мыктысы, ар кандай багыттагы компаниялардын персоналы менен иштөө тажрыйбасына ээ болгон Окенаева Майрамкуль Жокеновна болду.

Спикер дайыма машыгуу (практика жүзүндө жасоо) керек болгон негизги көндүмдөрдү көрсөттү:

- дене бой;

- үн;

- аудиторияны башкаруу;

- чыгып сүйлөөчү сөздүн мазмуну.

Мындан башка дагы, тренингдин жүрүшүндө катышуучулар төмөнкүдөй жөндөмдөрдү өздөштүрүштү:

- Эл алдында сүйлөөнүн максималдуу натыйжалуулугуна жетишүү механизмин билишти;

- Чыгып ийгиликтүү сүйлөөчү сөздү даярдоонун жана сүйлөөнүн кадамдык алгоритмине ээ болушту;

- Өздөрүнүн сүйлөө деңгээлин баалашты,  алардын күчтүү /алсыз жактарын аныкташты;

- Коркуу менен күрөшүүнү жана аны өз пайдасына колдонууну үйрөнүштү.

Эң башкы, көңүл бура турган нерсе - бул  КР Финансы министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин уюмдан тышкаркы адистер менен иштөө өзгөчөлүгүндө маанилүү ролду ойной турган  "Эмоционалдык интеллект".