2023-жылдын 30-январынан 3-февралына чейин КР ФМ Окуу борборунда “Мамлекеттик башкаруу секторундагы бухгалтердик эсеп жана отчёттуулук” темасындагы окуу курсун өтүштү.

2023-жылдын 30-январынан 3-февралына чейин КР ФМ Окуу борборунда "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин" алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин бухгалтер – финансисттери, Ысык-Ата райондук ИИБ жана Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана камактагыларды конвой менен коштоп жүрүү департаментинин кызматкерлери “Мамлекеттик башкаруу секторундагы бухгалтердик эсеп жана отчёттуулук” темасындагы окуу курсунан өтүштү. Угуучулардын жалпы саны 14 кишини түздү.

Окуу процессинин жүрүшүндө угуучулар мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулукту түзүү маселелери боюнча жалпы материалдар менен, ошондой эле КР ченемдик укуктук актыларында белгиленген нормаларды жана эрежелерди эске алуу менен, мамлекеттик бюджеттин методологиялык негиздери менен таанышышты.

Бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук тармагындагы иштерге байланыштуу бюджеттик мекемелердеги угуучулардын бардык кызыктырган суроолоруна КР ФМ Окуу борборунун машыктыруучусу,  Мамлекеттик сектордогу БЭ жана ФО боюнча окуу модулдарынын иштеп чыгуучусу Ширин Токташ, алардын практикалык колдонушун кеңири түшүндүрүү менен жооп берди.

Курсту аяктагандан кийин материалды ийгиликтүү өздөштүргөн угуучулар сертификат алышты.