2023-ЖЫЛДЫН 16-ФЕВРАЛЫНДА ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫНДАГЫ ЖЕРГИЛИКТҮҮ РАЙОНДУК КЕҢЕШТЕРГЕ, АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮНӨ ЖАНА КР ФМ АЙМАКТЫК БӨЛҮМДӨРҮНӨ ГРАНТТАРДЫ ТАРТУУ БОЮНЧА ОКУУ КУРСУ ӨТКӨРҮЛДҮ

2023-жылдын 16-февралында КР ФМ Окуу борборунун Жалал-Абад шаарындагы окуу кабинетинде “Дем берүүчү гранттар” темасындагы окуу курсу өткөрүлдү.

Тренингдин максаты:

Окуу курсу үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана айыл аймактарынын инфраструктурасын жакшыртууга кошумча финансылык ресурстарды тартуу боюнча билим менен камсыздоо жана жөндөмдүүлүктөрдү калыптандыруу максатында уюштурулган.

Бул окуу курсуна Ноокен, Майлуу-Суу, Базар-Коргон жана Сузак райондорунун айыл өкмөттөрүнүн, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин жана КР ФМ аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышышты. Аларга долбоорлорду тандоо жана бекитүү жол-жоболору, долбоорлорду тандоо жана бекитүү боюнча комиссиялардын иши, аларды даярдоо жана ишке ашыруу жол-жоболору жөнүндө маалымат берилди.

Катышуучулар өздөрү белгилеп өткөндөй, дем берүүчү грантты алуунун жаңы талаптары ЖӨБ органдары үчүн түшүнүктүү да, ачык-айкын да болуп калды.

Тренингдин аягында катышуучулар тесттен өтүштү. Алар дем берүүчү гранттар боюнча 13 кызыл (мыкты упай) жана 15 жашыл (жакшы упай) сертификаттарды алышты.

КР ФМ Окуу борборунун тренери, дем берүүчү гранттар жаатындагы эксперт, КР ФМ Дем берүүчү гранттар бөлүмүнүн башчысы Касымов Болот Замирбековичке терең ыраазычылык билдиребиз.