2023-жылдын 13-февралынан 17-февралына чейин КР ФМ Окуу борборунун Ош шаарындагы окуу кабинетинде Райондук суу чарба башкармалыгынын 23 кызматкери үчүн “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу”

2023-жылдын 13-февралынан 17-февралына чейин КР ФМ Окуу борборунун Ош шаарындагы окуу кабинетинде Райондук суу чарба башкармалыгынын 23 кызматкери үчүн “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” темасында окуу курсу өткөрүлөт.

Бул курс сатып алууларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча адистердин квалификациясын жогорулатууну камсыздоого багытталган.

Курстун катышуучулары мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктарды камсыз кылуу үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жөнгө салуудагы колдонуп жаткан мыйзамдар боюнча системдүү жана актуалдуу билимге ээ болушат.

Окуу борборунун төмөнкүдөй жогорку квалификациялуу машыктыруучулары бул окуу курсунун лекторлору болушат:

- Абдыкаров Толубай Абдыкарович жана Айдаров Алмаз Ахатович.

Окуу курсун аяктагандан кийин материалды мыкты өздөштүргөн жана тестирлөөдөн өткөн угуучулар сертификат алышат.