Кыргыз Республикасынын Финасы министрлигинин  Окуу борборунда “Мамлекеттик сатып алууларды (товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү) башкаруу”

Кыргыз Республикасынын Финасы министрлигинин  Окуу борборунда “Мамлекеттик сатып алууларды (товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү) башкаруу” темасындагы тереңдетилген курс өтүп жатат. 
Көрсөтмөлүү презентациялар, тандалган материалдар, жеке практикалык тапшырмалар жана анын презентациясы, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар боюнча эл аралык тажрыйбаларды талкуулоо сыяктуу усулдарды өз ичине камтыган “Мамлекеттик сатып алууларды (товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү) башкаруу” темасындагы окуу курсу Кыргыз Республикасынын Финасы министрлигинин  Окуу борбору тарабынан иштелип чыккан. Окуу программасы өз ичине теориялык жана практикалык бөлүктөрдү камтып,  80 академиялык сааттан түзүлгөн. 
Жогоруда аталган курстун окутуучулары мамлекеттик сатып алуу тармагындагы жогорку профессионал адистери – тажрыйбалуу практиктер, сертификаттуу эксперттер  Молдокулов К.А., Озумбеков У.Д., Кудаяров С.С ж.б.
            Аталган курс 2019-жылдын 18-февралындагы “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамынын күчүнө кириши менен байланыштуу, Электрондук сатып алууларды өткөрүү эрежелери жөнүндөгү Жобо, ошондой эле 2019- окуу жылынын I жарым жылдыгна карата  Кыргыз Республикасынын Финасы министрлигинин  Окуу борборунун  Окуу планы боюнча  мамлекеттик сатып алуулардын  натыйжалуулугун жана мамлекеттик кызматкерлердин, өз алдынча башкаруу өкүлдөрүнүн,  чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнүн мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу макстында өткөрүлөт.