2023-жылдын 15-февралында Ош шаарындагы КР ФМ Окуу борборунун окуу кабинетинде "Дем берүүчү гранттар" темасындагы окуу курсу өткөрүлүп жатат.

2023-жылдын 15-февралында Ош шаарындагы КР ФМ Окуу борборунун окуу кабинетинде "Дем берүүчү гранттар" темасындагы окуу курсу өткөрүлүп жатат.

Бул курстун негизги максаты:

 - Окуу курсунун угуучуларына ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнө үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын инфраструктурасын жакшыртууга карата өтүнмөлөрдү даярдоо боюнча жөндөмдөрдү жана билимдерди камсыздоо, анын ичинде автоматташтырылган өтүнмөлөрдү берүүнүн жол-жоболорун үйрөтүү;

- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө” токтому тууралуу маалымат берүү;

- Үлүштүк (дем берүүчү) гранттар боюнча жаңы автоматташтырылган өтүнмөлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндөгү маалыматты камсыздоо;

- Долбоорлорду тандоо жана бекитүү жол-жоболору, долбоорлорду тандоо жана бекитүү боюнча комиссиялардын иши жөнүндө маалымдоо;

- Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу жол-жоболору жөнүндө маалымат берүү.

Семинардын катышуучулары КР ФМ аймактык бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү болушту.

Окутууну дем берүүчү гранттар жаатындагы эксперт, КР ФМ Дем берүүчү гранттар бөлүмүнүн башчысы Касымов Болот Замирбекович өткөрүүдө.