Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Россия Федерациясынын Улуттук изилдөө университетинин “Экономиканын жогорку мектеби”

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Россия Федерациясынын Улуттук изилдөө университетинин “Экономиканын жогорку мектеби” (мындан ары - УИУ ЭЖМ-Перм) менен биргеликте 2023-жылдын 2-3-февралдарында Ачык эшиктер күнүн өткөрдү, ошондой эле КР ФМ Окуу борборунун базасында республиканын ар кандай мектептеринден келген 169 абитуриент үчүн болжолдуу тестирлөө (134 оффлайн жана 35 онлайн) өткөрүлдү. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 30 мыкты абитуриент квоталык орунга кабыл алынат.

Бул программанын максаты жарандарга билим берүүнүн ийкемдүү жана заманбап системасын түзүү жана өлкөнүн өнүгүшүн камсыз кылуучу квалификациялуу кадрларды даярдоо, экономиканын бардык тармактарында жаңы технологияларды иштеп чыгуу жана киргизүү.