КР ФМ ОКУУ БОРБОРУ 2023-ЖЫЛДЫН 25-ЯНВАРЫНДА РИИББ, ИИБнин 19 НАЧАЛЬНИГИ ҮЧҮН КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУЧУ ОКУУ КУРСУН ӨТКӨРДҮ

  1. “Бюджеттик мекемелердин жетекчилери үчүн бухгалтердик эсептин негиздери”;
  2. “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруунун негиздери»

 

Курстун программасына бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук боюнча эң актуалдуу темалар киргизилген: Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулуктун мыйзамдык негиздери; Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулуктун негизги милдеттери жана функциялары; ички көзөмөл системасы; мамлекеттик уюмдарда бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту киргизүүдө жетекчинин милдеттери ж.б.

Ошондой эле РИИБнин, ИИББнын начальниктери мамлекеттик сатып алуулардын негиздерин үйрөнүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн жол-жоболору менен таанышышып, анын ичинде төмөнкү темалар боюнча кеңири маалымат алышты: Мамлекеттик сатып алууларды пландоо; Мамлекеттик сатып алуулардагы контракты башкаруу жана банктык коштоо, ошондой эле Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда мамлекеттик сатып алуулардын жүргүзүлүшүн контролдоо.

 

Бул окуу курстарын өткөргөн КР ФМ Окуу борборунун төмөнкү тренерлерине ыраазычылык билдиребиз:

 

  • Токташ Ширинге, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин аппаратынын Ишмердикти уюштурууну камсыздоо башкармалыгынын Финансылык жана администрациялык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

Уланбек уулу Дастанга, КР Финансы министрлигинин Окуу борборунун окутуучусу.