КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР, КУЛАКТАНДЫРУУ!!!

Мамлекеттик мекемелерде ички аудиттин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик каражаттардын эффективдүү пайдаланылышына финансылык көзөмөлдү күчөтүү жана ички аудиторлордун кесиптик даярдыгын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору төмөнкү окуу курстары үчүн группага угуучуларды кабыл алууну жарыялайт:

  1. 2023-жылдын 23-январынан 08-февралына чейин «Ички аудитордун квалификациялык сынак Программасы боюнча окуу курсу» гибрид форматында(офлайн/онлайн).

Курстун узактыгы: 13 күн, 100 академиялык саат, 09:00дөн 16:30га чейин, окуунун акысы: офлайн – 8200 сом, онлайн – 7000 сом.

  1.  «Ички аудитордун квалификациялык сертификатын тастыктоо үчүн окуу курсу» гибрид форматында(офлайн/онлайн).

Курстун узактыгы: 5 күн, 40 академиялык саат, саат 09:00дөн 16:30га чейин, окуунун акысы: офлайн – 5200 сом, онлайн – 4200 сом. (Угуучулар, бул курстун так датасы тууралуу группа түзүлгөндө маалымат алышат).

Окуунун акысы төлөнгөндөн кийин угуучулар группага кабыл алынат.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү байланыштарга кайрылса болот:

электрондук почта: ucmfkr@gmail.com, kadoeva1505@mail.ru.

тел.: 0772767364 (Whatsapp), 0708 100 147.