2022-ЖЫЛДЫН 15-ДЕКАБРЫНАН 16-ДЕКАБРЫНА ЧЕЙИН МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР БОЮНЧА ДАТТАНУУЛАРДЫ ЖАНА КАЙРЫЛУУЛАРДЫ КАРОО БОЮНЧА КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ КОМИССИЯ ҮЧҮН ТРЕНИНГ УЮШТУРУЛДУ.

2022-жылдын 15-декабрынан 16-декабрына чейин Бишкек шаарындагы «Hyatt Regency» мейманканасында мамлекеттик сатып алуулар боюнча Эксперттик кеңештин, Көз карандысыз комиссиянын курамынын, КР ФМ караштуу МСАД кызматкерлеринин, ошондой эле КР ФМ Окуу борборунун эки окутуучусунун квалификациясын жогорулатуучу, потенциалын өстүрүүчү тренинг болуп өттү.

Бул тренингдин уюштуруучулары FAST USAID долбоору, КР ФМ караштуу МСАД жана КРФМ Окуу борбору болушту.

Модератор болуп жатып, Э. Д. Турдумамбетова КР Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан акысыз негизде мамлекеттик сатып алуулардагы даттанууларды жана кайрылууларды кароо боюнча Көз карандысыз комиссиянын 5 жаңы мүчөсү үчүн үч күндүк адистештирилген окуу курсу уюштурулгандыгы тууралуу айтып өттү. Ошондой эле сатып алуулар боюнча Эксперттер ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Молдокулов Канат Айдаркановичтин колдоосу менен "Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу" темасында Көз карандысыз комиссиянын  мүчөлөрүнө жана бул багыттагы окутуучуларга беш күндүк базалык окуу курсу өткөрүлгөн. Бул окуу курсун аяктагандан кийин, КР ФМ Окуу борборунун базасында 27 кишиге тестирлөө болгон. Катышуучулардын  дээрлик бардыгы тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырышып,  жогорку баллга ээ болушкан.

Саламдашуу сөздөрү менен төмөнкүлөр сөз сүйлөштү:

- Маматалиев Марлен Абдырахманович – КР ФМ Мамлекеттик сатып алуулар боюнча Эксперттик кеңештин төрагасы, "Ынтымак" партиясынын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин VII чакырылышынын депутаты;

- Календеров Улугбек Ибраимович – КР Финансы министринин орун басары,  КР ФМ караштуу МСАД  жана КР ФМ ОБ куратору;

- Досалиев Баялы Атамырзаевич -  КР ФМ караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору;

- Сулайманбекова Нуркыз Сагыналиевна – FAST USAID долбоорунун консультанты, мамлекеттик сатып алуулар боюнча Көз карандысыз комиссиянын  мүчөсү.

Мамлекеттик сатып алуулар тармагынын эксперти, КР ФМ Окуу борборунун окутуучусу Абдымомунова Сайна Рыскелдиевна тренингдин спикери  болду.

 Тренинг мындай иш-чараларды өткөрүү зарылдыгын аныктоого мүмкүндүк берди, анткени көз карандысыз комиссиянын кызматкерлери административдик даттанууларды жана кайрылууларды кароодо толук кандуу жардам ала алышпайт.

Тренингдин жүрүшүндө угуучулар мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзамдар, ЭМСА порталындагы, мыйзамдардагы акыркы өзгөртүүлөр, ошондой эле мыйзам маселелери боюнча жеке консультацияларды алуу боюнча жетиштүү маалымат алышты.

Бул тренинг тажрыйба алмашууга жана Кыргыз Республикасындагы ЭМСА порталындагы өзгөрүүлөрдү жана мамлекеттик сатып алуулар тармагынын келечегин талкуулоо үчүн платформа болуп кызмат кылды.

Жыйынтыгында, мамлекеттик сатып алуулар боюнча Көз карандысыз комиссиянын кызматкерлеринин тренингдердин өткөрүлүшүнө муктаж экендигин белгилөөгө болот, анткени мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөр системалуу түрдө болуп турат,  Мамлекеттик сатып алууларга тартылган комиссия мүчөлөрү акыркы өзгөртүүлөр менен толук тааныш эместигинен, иштин жүрүшүндө көптөгөн маселелер келип чыгары анык. Ошондуктан бул багытта өткөрүлгөн тренинг Көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрүнө сатып алуулар маселелери боюнча ар тараптуу консультациялык жардам алууга мүмкүнчүлүк түздү.