2022-жылдын 19-декабрында Бишкек шаарына Россия Федерациясынан делегация келди

2022-жылдын 19-декабрында Бишкек шаарына Россия Федерациясынан делегация келди, анда: Экономиканын жогорку мектеби ИИУ ректору Н. Ю. Анисимов, проректор В. В. Панова, Пермь шаарындагы кампустун директору Г. Е. Володина жана улук жардамчысы М. А. Лисюткина.

Делегациянын иш сапарынын жүрүшүндө Экономика жогорку мектебинин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу КР ФМ Окуу борборунун базасында уюштурулду, ал иш-чарада КР Экономика министринин биринчи орун басары Сейитов Чоро Сейитович саламдашуу сөзүн айтты. Жолугушууда бүтүрүүчүлөр менен тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү, ошондой эле кызматташууну мындан аркы өнүктүрүү келечеги талкууланды.

Андан кийин Кыргыз Республикасынын маданий мурастары менен тааныштыруу максатында экскурсия өткөрүлдү. КР ФМ Окуу борборунун директору Турдумамбетова Эрке Доолотбековнанын коштоосунда делегация Орто Азиядагы эң ири музейлердин бири болгон "Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине", ошондой эле М.В. Фрунзенин өмүрүнө жана ишмердүүлүгүнө арналган "Кыргыз Мамлекеттик М. В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейине" барышты.

Экскурсия учурунда бүгүнкү күнгө чейин алгачкы коомдук, кулчулук жана феодалдык түзүлүш жөнүндө баяндаган экспонаттар жана  көчмөн элдердин дыйканчылыгы, кол өнөрчүлүгү, шаарлардын пайда болушу жана М.В. Фрунзенин жашоосу, ишмердүүлүгү тууралуу экспонаттар көрсөтүлдү.