2022-ЖЫЛДЫН 12-ДЕКАБРЫНАН ТАРТЫП, КР ФМ ОКУУ БОРБОРУНДА “МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ СЕКТОРУНДАГЫ БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕП ЖАНА ОТЧЁТТУУЛУК” ТЕМАСЫНДАГЫ ОКУУ КУРСУ ӨТҮП ЖАТАТ

2022-ЖЫЛДЫН 12-ДЕКАБРЫНАН ТАРТЫП, КР ФМ ОКУУ БОРБОРУНДА “МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ СЕКТОРУНДАГЫ БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕП ЖАНА ОТЧЁТТУУЛУК” ТЕМАСЫНДАГЫ ОКУУ КУРСУ ӨТҮП ЖАТАТ

 

2022-жылдын 12-декабрынан тартып, КР ФМ Окуу борборунда “Мамлекеттик башкаруу секторундагы бухгалтердик эсеп жана отчёттуулук” темасындагы окуу курсунан Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин бухгалтерлери–финансисттери, жана Кыргызстандын аймактарынан жана Бишкек шаарынан болуп, 28 бухгалтер окуу курсунан өтүп жатат.

Окуу курсу кызыктуу өткөрүлүүдө. Окуу процессинин жүрүшүндө угуучулар бюджеттик уюмдардагы бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук боюнча стандарттардагы жана формалардагы негизги өзгөрүүлөрдү билишти. Окуу курсунун угуучулары  КР ФМ Окуу борборунун окутуучусу Ширин Токташка Бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук чөйрөсүндөгү бюджеттик мекемелердин ишине байланыштуу көптөгөн суроолорду беришти. Ал эми окутуучу өз мезгилинде ал суроолорго окуу модулунда көрсөтүлгөн темаларга ылайык кеңири түшүндүрмөсүн жана практикалык колдонулушун айтып толук жооп берүүдө. Ширин Токташ Мамлекеттик башкаруу секторундагы БУ жана ФО боюнча эксперт жана Бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук боюнча заманбап окуу модулдарынын иштеп чыгуучусу болуп саналат.

 

Окуу курсун аяктагандан кийин материалды ийгиликтүү өздөштүргөн жана тестирлөөдөн өткөн окуу курсунун угуучулары сертификатка ээ болушат.