2022-ЖЫЛДЫН 12-ДЕКАБРЫНАН 16-ДЕКАБРЫНА ЧЕЙИН КР ФМ ОКУУ БОРБОРУНДА "МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАРДЫ БАШКАРУУ" ТЕМАСЫНДАГЫ БАЗАЛЫК ОКУУ КУРСУ БОЛУП ӨТТҮ

2022-ЖЫЛДЫН 12-ДЕКАБРЫНАН 16-ДЕКАБРЫНА ЧЕЙИН КР ФМ ОКУУ БОРБОРУНДА "МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАРДЫ БАШКАРУУ" ТЕМАСЫНДАГЫ БАЗАЛЫК ОКУУ КУРСУ БОЛУП ӨТТҮ

 

2022-жылдын 12-декабрынан 16-декабрына чейин КР ФМ Окуу борборунда "Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу" темасындагы базалык окуу курсу боюнча 16 угуучу окуудан өттү.

 

Бул окуу курсунун максаты сатып алуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик жана коммуналдык муктаждыктарын жана аны колдонуу практикасын камсыз кылуу үчүн, жумуштарды, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жөнгө салууда колдонуучу  мыйзамдар боюнча системалуу жана актуалдуу билимге ээ болуу.

Лекциялык сабактардан тышкары, эки күндүн ичинде (бейшемби жана жума күндөрү) угуучулар үчүн практикалык сабактар өткөрүлүп, анда алар теориялык материалдардан алынган билимдер бекемделет, б.а. кулактандырууларды туура жол-жоболоштурууну, сатып алуу планын түзүүнү, баалардын мониторингин жүргүзүүнү, сатып алуу документтерин түзүүнү ж.б.

Окуунун жүрүшүндө сатып алууларга байланыштуу "Даттануунун тартиби", "Техникалык тапшырманы бекитүү", "Рынокту изилдөө" жана башка көптөгөн маселелер талкууланды.

Окуу курсун Окуу борборунун жогорку квалификациялуу машыктыруучулары

Уланбек уулу Дастан жана Бегалиев Артсан Тургунбаевич өткөрүштү.

 

Курсту аяктагандан кийин материалды ийгиликтүү өздөштүргөн жана тестирлөөдөн өткөн угуучулар сертификатка ээ болушту.