2022-ЖЫЛДЫН 5-ДЕКАБРЫНАН 9-ДЕКАБРЫНА ЧЕЙИН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ОКУУ БОРБОРУ КАЗАРМАН АЙЫЛЫНДА "МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАРДЫ БАШКАРУУ" ТЕМАСЫ МЕНЕН БАЗАЛЫК ОКУУ КУРСУН ӨТКӨРДҮ

2022-ЖЫЛДЫН 5-ДЕКАБРЫНАН 9-ДЕКАБРЫНА ЧЕЙИН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ОКУУ БОРБОРУ КАЗАРМАН АЙЫЛЫНДА "МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАРДЫ БАШКАРУУ" ТЕМАСЫ МЕНЕН БАЗАЛЫК ОКУУ КУРСУН ӨТКӨРДҮ

2022-жылдын 5-декабрынан 9-декабрына чейин Финансы министрлигинин Окуу борбору Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында "Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу" темасында базалык окуу курсу боюнча жерине барып окутуучу окуу курсун өткөрдү.

Окутуунун негизги максаты мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктарды жана аны колдонуу практикасын камсыз кылуу үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларын жөнгө салуучу мыйзамдар жаатында системалуу жана актуалдуу билимдерди алуу болуп саналат.

Окуунун жүрүшүндө мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамынын негизги жоболору, мамлекеттик электрондук сатып алууларды жүргүзүүнүн тартиби менен таанышып, мамлекеттик сатып алуулардын тесттик порталында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун планын түзүү боюнча практикалык тапшырманы аткарышты.

Бул окуу курсун практикалык чоң тажрыйбасы бар тренер Кудаяров Сагын Сапарбаевич өткөрдү.