2022-жылдын 28-ноябрынан 2-декабрына чейин Кадамжай шаарында «Бюджеттик мекемелер үчүн 1с бухгалтерия» темасындагы окуу курсу өткөрүлдү

2022-жылдын 28-ноябрынан 2-декабрына чейин КР Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан Баткен областынын Кадамжай шаарында «Бюджеттик мекемелер үчүн 1С Бухгалтерия» темасындагы окуу курсу өткөрүлдү. Ага мамлекеттик, муниципиалдык органдардын кызматкерлеринен жана айыл өкмөттөрдүн бухгалтерлеринен 24 угуучу катышып, билим  деңгээлдерин жогорулатышты жана сертификаттарга ээ болушту. Бул окуу курсунун угуучулары аймактарда мындай керектүү окуу курсун уюштуруп жана өткөргөндүгү үчүн КР Финансы министрлигинин Окуу борборуна жана анын тажрыйбалуу тренеринин бири Сабиржанов Музаффар Тахировичге терең ыраазычылыктарын, жакшы каалоо-тилектерин айтышты.

Ал эми Кадамжай райондук аймактык башкармалыгынын бөлүм башчысы Жолдошев Жарматбек Эсеналиевичке бул окуу курсун уюштурууда көмөктөшкөн эмгеги үчүн, КРФМ Окуу борборунун эмгек жамааты терең ыраазычылык билдирет.