КР Финансы министрлигинин 55 аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин потенциалын өстүрүү жана квалификациясын жогорулатуу максатында, 2022-ж.15-ноябрынан 17-ноябрына чейин Кыргыз Республикасын

КР Финансы министрлигинин 55 аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин потенциалын өстүрүү жана квалификациясын жогорулатуу максатында, 2022-ж.15-ноябрынан 17-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан квалификацияны жогорулатуу курсу онлайн форматта өткөрүлдү. Бул тренингде төмөнкү темалар каралды:

  • КР 2022-жылдын 14-апрелиндеги №27  ”Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын кыскача түшүндүрмөсү;
  • «Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистештирилген курстарга кыскача түшүндүрмө берүү»;
  • «Бюджеттик мекемелердин атайын эсеп каражаттарын түзүү. Атайын эсептердин алгачкы пайда болушунун тарыхы; атайын эсептерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар»;
  • «Коррупцияга каршы аракеттенүү: жүрүм-турумдун укуктук жана коррупцияга каршы стандарттары»;
  • «Баңги, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун таралышына каршы аракеттенүү»;
  • «Мамлекеттик бюджеттин аткарылышы боюнча отчет түзүү, башкы китептин балансын макеттер менен салыштыруу. 32, 33 финансылык активдер, запастар жана агымдар боюнча отчетторду түзүү»;
  • «КР Салык кодексиндеги өзгөрүүлөр».

Тренингди төмөнкүдөй окутуучулар (окутууга тартылган) жана КР ФМ жогорку квалификациялуу адистери өткөрүштү:

Базакеева Жылдыз Жаманчаевна, сатып алуулар боюнча эксперт, МСА чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук документтерди иштеп чыгуучу, МСА боюнча окуу модулдарын иштеп чыгуучу, КР ФМ Окуу борборунун тренери;

Дуйшоев Айбек Алибекович, КР ФМ Мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын Атайын каражаттарды түзүү бөлүмүнүн башчысы;

 Кожобергенов Нукеш Рахманович, КР ФМ коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу;

Кыдыргычова Замира Автандиловна,  бажы кызматынын подполковниги, КР ФМ караштуу МБКнын адистештирилген окутуу бажысынын окуу-методологиялык бөлүмүнүн башкы инспектор-методисти;

Касымкулова Марина Кулубековна, КР ФМ БК Отчетторун консолидациялоо бөлүмүнүн башчысы;

Туменбаева Эльмира Сагыналиевна, КР ФМ караштуу МСК Уюштуруу иштери жана контролдоо башкармалыгынын Персоналды окутуу боюнча сектор башчысы;

Бектурганова Зарема Кубанбековна, КР ФМ караштуу МСК Салык төлөөчүлөр менен иштөө боюнча башкармалыгынын методологиялык иштер бөлүмүнүн башкы инспектору.

Тренингдин жүрүшүндө КР 2022-жылдын 14-апрелиндеги №27  ”Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын редакциясы менен таанышышты жана жарандык коргонуу боюнча адистештирилген курстардын мазмуну боюнча, ошондой эле КР Салык кодексиндеги өзгөрүүлөр, бюджеттик мекемелердин атайын эсеп каражаттарын түзүү, мамлекеттик бюджеттин аткарылышы боюнча отчетту түзүү, коррупцияга каршы күрөшүү жана баңги, психотроптук заттарды жайылтуу маселелери боюнча маалыматтарды алышты.

Бул тренингге 85 адам катышты.

Бул тренингдин жыйынтыгында КР ФМ аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери жогоруда көрсөтүлгөн темалар боюнча өздөрүнүн кесиптик билимдерин жогорулатышты жана аларды кызыктырган суроолорго жооп алышты.