"МАМЛЕКЕТТИК ФИНАНСЫНЫ БАШКАРУУНУН НЕГИЗДЕРИ" ТЕМАСЫ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК МЕКЕМЕЛЕРДИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ

"Мамлекеттик финансыны башкаруунун негиздери" деген тема боюнча мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу

2022-жылдын 16-ноябрынан 18-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун базасында биринчи жолу "Мамлекеттик финансыны башкаруунун негиздери"темасы боюнча комплекстүү окутуу курсу болуп өттү.

Бул окуу курстун максаты - МФБ процессине тартылган мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлерине мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндөгү заманбап билимдердин, жөдөмдүүлүктөрдүн жана көндүмдөрдүн комплексин берүү.

Окуу курсуна мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндөгү негизги темалар камтылды.

Мында угуучуларга Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын иштеши жөнүндө маалымат берилди, бюджеттик системанын негизги принциптери, бюджеттер аралык мамилелерди жөнгө салуу куралдары каралып, бюджеттик процесс, анын ичинде пландаштыруу, кароо этаптары жана бекитүү, бюджетти аткаруу, бюджеттин аткарылышын контролдоо боюнча маалыматтар берилди.

Ошондой эле мамлекеттик финансыны башкаруу системасын реформалоонун негизги багыттары, Бюджеттик ачык-айкындуулукту камсыз кылуу боюнча зарыл чаралар жана башка бир катар маселелер каралды.

Окуу курсунун аягында угуучулар окутуучулардын жогорку кесиптик деңгээлин, программанын так ырааттуулугун белгилеп айтышты, ошондой эле каралган темаларга кызыккандыктарын көрсөтүштү.

Бул комплекстүү окуу курсуна төмөнкүдөй темалар камтылды:

  • "Мамлекеттик финансыны башкаруу" түшүнүгү. МФБ чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар. Мамлекеттик финансыны башкаруу системасын реформалоонун стратегиясы;
  • КР бюджеттик системасы. Бюджеттик системанын принциптери. "Мамлекеттик бюджет" түшүнүгү. Бюджеттен тышкаркы фонддордун түрлөрү. КР Бюджеттик процесси. Чыгаша милдеттенмелери;
  • Негизги түшүнүктөр: кирешелер, чыгашалар, бюджеттин тартыштыгы/профицити. Бюджеттик календарь. Фискалдык саясаттын негизги багыттары;
  • Мамлекеттик каржы башкаруу системасында салыктар. "Салыктар" түшүнүгү, салык салуунун принциптери, салыктардын түрлөрү жана функциялары;
  • Кыргыз Республикасындагы бюджеттер аралык мамилелер: максаттары жана милдеттери, чыгымдоо ыйгарым укуктары, республикалык бюджеттен трансферттер;
  • Бюджеттин аткарылышы. Мамлекеттик финансыны башкарууда Казыналык системасынын ролу. Мамлекеттик финансыны башкаруунун маалыматтык системасы;
  • Бюджеттин аткарылышын контролдоо. Аудит. Аудиттин түрлөрү;
  • КР мамлекеттик сатып алуулар, Мамлекеттик сатып алуулардын ыкмалары;
  • Мамлекеттик каржы башкаруу чөйрөсүндө ачык-айкындуулук жана отчеттуулук. Бюджеттин ачык-айкындуулук индекси;
  • Мамлекеттик финансыны башкаруу системасын баалоо (PEFA).