КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ОКУУ БОРБОРУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ДИПЛОМУ МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ

2022-жылдын 4-ноябрында КР Финансы министрлигинин чоң жыйындар залында Мамлекеттик тилдин бир айлыгынын жыйынтыгына карата иш-чара болуп өттү. Мамлекеттик тилдин бир айлыгы КР Финансы министрлигинде 2022-жылдын 22-августунан 22-сентябрына чейин жарыяланган эле. Иш чараны КР финансы министринин орун басары У.И.Календеров ачып берди. Ал «Тил – мамлекеттин негизги атрибуту, көркү жана руханий баалуулугу» экендигине кенен токтолуп, иш-чаранын катышуучуларын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин 33 жылдыгы менен куттуктады.

Бул иш-чарага конок катары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары Орозобекова Жылдыз Калмашевна, бөлүм башчысы Альфира Супатаева жана “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Топоева-Ставинская Батма Болоталиевна чакырылды. Алар куттуктоо сөдөрүн айтышып, сыйлыктарды тапшырышты. КР Финансы министрлигинде өткөрүлгөн Мамлекеттик тилдин бир айлыгына жигердүү катышкан кызматкерлердин эмгектерин айтып куттуктап, КР финансы министринин орун басары Калдыбаев Эрнст Кыдыкбаевич аларга КР Финансы министрлигинин Дипломдорун тапшырды.

КР Финансы министрлигинин Окуу борборунун кызматкерлери – Ташмамбетова Жаркын, Ыдырысова Мырзайым жана Максатбеков Актилек Мамлекеттик тилдин бир айлыгына жигердүү катышкандыгы үчүн КР Финансы министрлигинин Диплому менен сыйланышты.

КР Финансы министрлигининдеги башкы талаптардын бири - иш кагаздарын жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндөгү" мыйзамынын талаптарын сактоо, ошондой эле бул багытта тынымсыз сабаттуулугун, билимин жогорулатуу болуп саналат.