Прокуратура органдарынын бөлүмдөрүнүн башчылары жана адистери тренер катары окуудан өтүштү

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борбору тарабынан 2022-жылдын 20-21-октябрларында Кыргыз Республикасындагы БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын техникалык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын жана адистештирилген прокуратуралардын кызматкерлери, прокуратура органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча бөлүмдөрүнүн башчылары, экономикалык маселелер боюнча адистери үчүн "Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарынын сакталышына прокурордук көзөмөл" темасындагы тренирлер үчүн тренинг өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун директору А.Молдобаев, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин баңги заттардын эл аралык жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жана укук коргоо иши боюнча бөлүмүнүн директору Ч.Хардуэй, БУУ БКБнын Кыргыз Республикасындагы программаларынын улуттук координатору Ж.Ракишева  иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөштү.

Тренингдин максаты болуп катышуучуларды тренер катары окутуу жана коррупцияга каршы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча прокуратура органдарынын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүндө мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана иште кесиптик этиканын ченемдерин бузууну болтурбоо саналды.

 Тренер катары сабактарды Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын улук прокурору – А.Хуршудов, прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун улук прокурору – А.Иманалиева,  Каржы министрлигинин Окуу борборунун тренери   Д.Уланбек, "Мыйзамдарды өнүктүрүү борбору" КФ директору А.Убышева, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин даттануулар жана электрондук каталог менен иштөө бөлүмүнүн башчысы А.Осмонкулова, Эксперт-психолог Ч.Осмоналиевалар өткөрүштү.  

Тренингдин аягында катышуучулар тестирлөөдөн өтүшүп аларга  сертификаттар берилди.