Кыргыз Республикасынын ФМ Окуу борбору Каракол шаарында 2022-жылдын 17-октябрынан 21-октябрына чейин "Мамлекеттик башкаруу секторундагы бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук" темасында......

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 2022-жылдын 17-октябрынан 21-октябрына чейин "Мамлекеттик башкаруу секторундагы бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук" темасында окуу курсун өткөрдү.

Тренингге Ысык-Көл облусунун Ички иштер бөлүмдөрү жана Ички иштер башкармалыгы, шаардык маданият бөлүмү, Ысык-Көл облустук Кургак учукка каршы күрөшүү борбору, Үй-бүлөлүк медицина борбору жана Каракол шаарындагы жогорку жана атайын орто окуу жайларынын өкүлдөрү сыяктуу мамлекеттик мекемелердин бухгалтерлери – бардыгы болуп 22 угуучу катышты.

Окуу процессинин жүрүшүндө бюджеттик мекемелердин бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук чөйрөсүндөгү иштерге байланыштуу угуучулардын бардык кызыккан суроолоруна КР ФМ Окуу борборунун тренери,  БЭ жана ФО боюнча окуу модулдарын иштеп чыгуучу, эксперт Ширин Токташ жооп берди. Ал окуу модулунда көрсөтүлгөн темаларга ылайык кеңири түшүндүрүп, анын практикада колдонулушун айтып берди.

Окуу курсу аяктагандан кийин, материалды мыкты өздөштүргөн жана тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн угуучулар сертификатка ээ болушту.