Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча эл аралык конференциянын тематикалык сессиясынын модератору КР Финансы министрлигинин Окуу борборунун директору Турдумамбетова Эрке болду

2022-жылдын 5-6-октябрында Бишкекте Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары – МЖӨ) боюнча эл аралык конференция болуп өттү. Бул Кыргызстандагы МЖӨ механизминин колдоосу менен туруктуу инфраструктуралык долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу чөйрөсүндөгү эл аралык деңгээлдеги биринчи окуя болду.

Бул конференцияны Азия өнүктүрүү банкынын, БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын, ЮНИСЕФ ж.б. колдоосу менен КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин алдындагы МЖӨ борбору уюштурду.

"МЖӨ окутуу технологиялары" темасындагы тематикалык сессияда модератор катары Эрке Доолотбековна сүйлөп, ал 2018-жылдан баштап КР Финансы министрлигинин Окуу борбору мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү адистерди даярдоо багытында билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткандыгын жана ал үчүн КР ББИМ лицензиясына ээ экендигин белгиледи.

Конференцияны алып баруу учурунда Э.Д. Турдумамбетова сессиянын ар бир спикери жөнүндө кыскача маалымат берип өттү. Сессия жемиштүү жана абдан пайдалуу болду. Учурда заманыбыз адистерден билимди жогорулатуу үчүн тынымсыз аракетти талап кылып жаткан мезгилде, көптөгөн катышуучулар окутуу жөнүндө маалыматты угууга кызыгышты.

 Конференция тажрыйба алмашуу жана Кыргыз Республикасында МЖӨнү өнүктүрүүнү талкуулоо жана Борбордук Азияда МЖӨнүн алдыдагы келечегин көрсөтүү үчүн аянтча болуп кызмат кылды.  Анда 20дан ашык спикер, 150 катышуучу жана 8ден ашык тематикалык сессиялар жана талкуулар болду.           

Конференциянын жүрүшүндө МЖӨнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары: энергетика, саламаттык сактоо, билим берүү, транспорт боюнча тематикалык сессиялар болду, ошондой эле Кыргыз Республикасында МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу боюнча ийгиликтүү МЖӨ долбоорлорунун эл аралык тажрыйбасы айтылып, панелдик талкуулар жүрүп жана презентациялар көрсөтүлдү.