КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ОКУУ БОРБОРУНДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИНИН 33 ЖЫЛДЫГЫ МАЙРАМДАЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда бүгүн 2022-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилинин 33 жылдыгы майрамдалды. Окуу борборунун кызматкерлери бир ай мурда түзүлгөн план боюнча чакан иш-чара өткөрүп, майрамдык маанай түзүштү.

Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө Мамлекеттик тилде жазылган кызматтык каттар боюнча жыйынтык чыгарылып, кыргызча көп кызматтык каттарды, маалымат-шилтемелерди жөнөткөн кызматкер аныкталды.