Ош шаарында  Кыргыз Республикасынын Финасы министрлигинин  Окуу борборунун алкагында «Мамлекеттик секторлордогу бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук»

Ош шаарында  Кыргыз Республикасынын Финасы министрлигинин  Окуу борборунун алкагында «Мамлекеттик секторлордогу бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук» темасындагы иновациялык технологияларды колдонуу менен интерактивдүү лекциялар өткөрүлдү. Көрсөтмөлүү презентациялар, видеоматериалдар, иштиктүү оюндар, чакан топтор менен иштөө, “Мээ чабуулу” сыяктуу интерактивдүү ыкмаларын колдонуу менен Окуу борбору тарабынан өткөрүлгөн сабактар курстун угуучуларына кызыктуу болду.
Теориялык жана практикалык бөлүктөрдү камтыган «Мамлекеттик секторлордогу бухгалтериялык эсеп жана отчеттуулук» темасындагы окуу курсунун  программасы  40 академиялык сааттан турат.
Финансы министрлигинин Окуу борборунун аталган курсунун окутуучусу, Бишкек шаарындагы И. Раззаков атындагы  КМТУнун Инженердик-экономикалык факультетинин деканы, профессорунун м.а. А.А.Бексултановдун пикири боюнча: “Мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин таанып билүүлөрүн активдештирүүгө чоң маани берүү керек, качан гана алардагы компетентүүлүктү жана практиканы негиз кылып алганда, билимдерди жогорулатуучу курстарда колдонулган окутуунун мыкты ыкмалары жакшы натыйжаларды алып келет”.   
Мамлекеттик башкаруу тармагындагы кызматкерлердин билимдерин жогорулатуу максатындагы окуу курсу 2018-жылдын 25-декабрындагы  мамлекеттик башкаруу секторундагы бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттулук жүргүзүү боюнча Жобосунун, ошондой эле 2019-жылдын I жарым жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Финасы министрлигинин  Окуу борборунун Окуу планынын негизинде өткөрүлдү.