2022-жылдын 19-сентябрынан 23-сентябрына чейин Тогуз-Тороо районунун Казарман айылында КР ФМ ОБ тарабынан“ Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу" темасындагы окуу курсу өткөрүлүп жатат.

2022-жылдын 19-сентябрынан 23-сентябрына чейин Жалал-Абад областынын Тогуз-Тороо районунун Казарман айылында КР Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” темасындагы 5 күндүк окуу курсу өткөрүлүп жатат.

Окуу курсунун жүрүшүндө мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын негизги жоболору, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн процедуралары менен таанышышты.

Ошондой эле тренингдин катышуучулары алынган теориялык билимди практика менен айкалыштыруу максатында, мамлекеттик сатып алуулар Порталында (тест-сыноо) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда планды түзүү, сатып алуулардын документацияларын иштеп чыгуу боюнча тапшырмаларды аткарышты.

Ал эми окуу курсун, мамлекеттик сатып алуулар жаатында квалификациялуу тренер Кудаяров Сагынбек Сапарбаевич алып барууда.