КР ФМ Окуу борборунда 2022-жылдын 12-сентябрынан 16-сентябрына чейин "Мамлекеттик башкаруу секторундагы бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук" темасында окуу курсу болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда 2022-жылдын 12-сентябрынан 16-сентябрына чейин "Мамлекеттик башкаруу секторундагы бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук" темасында окуу курсу болуп өттү.

Квалификацияны жогорулатуучу окуу курсун КР ФМ Окуу борборунун практик, дасыккан окутуучусу Ширин Токташ өткөрдү.

Тренингдин жүрүшүндө мамлекеттик башкаруу секторундагы финансылык – чарбалык операциялар боюнча жер-жерлердеги бухгалтер-практиктер күн сайын туш болгон көйгөйлүү маселелер талкууланды. Берилген бардык суроолорго Ширин Такташ мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук боюнча окуу модулунда көрсөтүлгөн практикалык колдонуу жөнүндө кеңири маалымат аркылуу жооп берди.